Сен үчүн мен кандай өзгөрдүм
Менин көнө албады жүрөгүм
Мен сенин миң түрүңдү таанып бекем сактагам
Күн сайын ар бирөөнү жаңысынан актагам
Сен менин көздөрүмдө күндө ылдый куладың
Жарыгымдан коркуп күндө күмөнүңдү санадың
Сен менден санаган күмөнүң өзүңө
Сен мени сынаган сөзүңө көндүрбө
Жаным сен жарыгымды үзүп тагынба
Жаным сен эми таң атаарда мени сагын
Сен күткөнүңдөй кайгырбадым
Ким экенимди сен билбедиң
Балким моюн алгың келбеди
Мен сенин көлөкөңө чөгүш үчүн келбедим
Мен жаралдым бул дүйнөгө чоң иш алып келгени
Эми мени алыстардан көрө бергин кайгыра
Дагы бир колуңдан келбей турган окуя
Сен менден санаган күмөнүң өзүңө
Сен мени сынаган сөзүңө көндүрбө
Жаным сен жарыгымды үзүп тагынба
Жаным сен эми таң атаарда мени сагын